«Бишкекжылуулуктармактары» ишканасына 6 бирдик атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштерди оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында төмөнкү техникалар сатылып алынды:
- бир жүктөөчү-экскаватор;
- эки технологиялык жүк ташуучу фургон;
- 3 ширетүүчү агрегат.
«Жаңы унаалар өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, чыгымдарды азайтат жана натыйжалуу жана коопсуз жумуш процесстерин камсыз кылат», — деп айтылат маалыматта.