Жарык техникалык оңдоолордон улам өчүрүлүүдө

Бишкек шаарында жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясын атайылап убактылуу өчүрүү жок, техникалык оңдоорлордон улам өчүрүүлөр катталууда. Бул тууралуу «Улуттук электр түйүнү» ишканасынын басма сөз катчысы Элзада Саргашкаева «Азаттыкка» билдирди.

 

Анын айтымында, жыл сайын март айынан баштап күзгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Өчүрүүлөр суу тартыштыгына байланыштуу эмес экенин кошумчалады.

«Мунун алкагында биздин баланста болгон объектилер, көмөкчордон, чубалгылар жана башка жабдуулар капиталдык же утурумдук ремонттон өтөт. Эгер зарыл болгон учурда ал жерде электрэнергиясы өчурүлөт. Андай өчүрүүлөр болгондо абоненттерге маалымат алдын ала берилип турат».

Мунун алдында айрым абоненттер WhatsApp группаларга «Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгына байланыштуу электр энергиясы кыш мезгилиндей эле маал-маалы менен өчүрүлө турганын жана анын графиги боюнча маалымат айтыла электиги жазылган» билдирүүлөр келип жатканын айтышкан.