Бишкекте курулуш материалдарын сактоочу жайда чыккан ири өрттүн себебин атайын экспертиза аныктайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, бүгүн түндө Кулатов-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде 4 миң чарчы метр аймакта жайгашкан сактоочу жайлар күйүп кетти. Тилсиз жоо тууралуу билдирүү түнкү саат 1 жарымда түшкөн.
Жерине 10 өрт өчүрүү кызматы, куткаруучулар, милиция, тез жардам жана “Тазалыктын” суу ташыгычтары тартылды. Жалынды басууга 3 саат талап кылынды. Жабыркагандар жок.