Ордо калаада 5,5 миң керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн

Ордо калаада 5,5 миң керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. Электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, бересеси бар абоненттерди аралыктан өчүрүү 12-июнда жүргүзүлөт.

 

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга электр энергиясы үчүн карыздарын тез арада төлөө сунушталат. Төлөмдөр терминалдар, электрондук капчыктар, банк кассалары жана “Кыргызч почтасы” аркылуу кабыл алынат.