Лионель Месси кийинки дүйнө чемпионатына катышпайт

Лионель Месси кийинки дүйнө чемпионатына катышпайт. Аргентинанын футбол боюнча курамасы чемпион наамын лидери жок коргошу керек болот. Мессинин айтымында, ал кийинки биринчиликке күйөрман катары гана көз салат.   Белгилеп кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы 3 өлкөдө өтөт – Мексика, АКШ жана Канадада.

Кыргызстандан Кытайга жүзүм экспорттолот

Кыргызстандан Кытайга жүзүм экспорттолот.   Тиешелүү макулдашуу Кытай эл республикасынын делегациясынын сапарында жетишилди. Андан тышкары, кытайлык компаниялардын бири биздин өлкөдө минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча завод курат.   Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, бийлик ошондой эле Монголия менен тыгыз кызматташуу ниетинде. Бул багытта сүйлөшүүлөр… Кененирээк…

Ысык-Көл аэропорту келечекте Россиядан 11 рейске чейин кабыл алат

Ысык-Көл аэропорту келечекте Россиядан 11 рейске чейин кабыл алат. Бул тууралуу Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү жана ишкерлери бирикмесинин президенти Данил Ибраев билдирди. Flightradar24  сервисинин маалыматына ылайык, учурга карата аба майдан Россиядан 10 рейске чейин кабыл алып жатат.   Алар Москванын эки аэропортунан жана Екатеринбург, Новосибирск шаарларынан аткарылат.… Кененирээк…

Ичеги-карын инфекциялары жайында көбөйөт

Ичеги-карын инфекциялары – тамак сиңирүү органдарын жабыркатуучу жугуштуу оорулардын тобу. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти илдеттин белгилерин тизмектеди. Маалыматта айтылгандай, ичеги-карын инфекциялары топуракта 18 айга чейин, сууда беш айга чейин жашайт. Мындан тышкары, ал инфекциялар түрдүү буюмдарда: кашыкта, идиште, эшиктин кармагычында, эмерек… Кененирээк…

ЕАЭБде Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыга чыкты

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ичинен өнөр жай өндүрүшү боюнча Кыргызстан алдыга чыкты.   2023-жылдын январь-апрелинде Евразиялык экономикалык биримдикте айыл чарба продукцияларын өндүрүү 3,1 пайызга, ал эми өнөр жай тармагы 0,9 пайызга өскөн. Статистикалык мындай маалыматтарды Евразиялык экономикалык комиссия берген. Көрсөткүчтөрдү карай келгенде, өнөр жай өндүрүшү боюнча Кыргызстан… Кененирээк…

Төө-Ашуу туннелинин ичин каптап жаткан суу токтоду

  Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу 14-июнда кечке жуук Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, 12-13-июнь күндөрү туннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп,… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңы функция

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңы функция. Эми ал аркылуу 60 секунддук видеолорду жөнөтүүгө мүмкүн болот. Ал учурда Android жана iOS платформаларынын бета-версиясында иштеп жатат.   Жакынкы күндөрү бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот. Жөнөтүлгөн видеолор адаттагыдай эле үчүнчү жактардан жашырылат. Аны башкаларга кайра жөнөтүү дагы болбойт.

Бишкектин Ак-Босого конушунда жаңы бала бакча пайда болот

Бишкектин Ак-Босого конушунда жаңы бала бакча пайда болот. Курулушка тендер жарыяланганы боюнча маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.   Ага ылайык, бала бакча 140 бөбөккө чакталат. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна дээрлик 112 миллион сом жумшалат деп пландалууда.

Россия жана Кыргызстан электр энергетиканын бирдиктүү рыногун түзөт

Россия жана Кыргызстан электр энергетиканын бирдиктүү рыногун түзөт.   Бул тууралуу Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумда биздин өлкөнүн өндүрүүчүлөр жана ишкерлер бирикмесинин президенти Данил Ибраев билдирди.   Анын айтымында, элеткр энергиясын сатуу боюнча бирдиктүү оператор болушу керек. Долбоор Кыргызстандын арзан электр энергиясын генерациялоо… Кененирээк…

Ордо калаанын батыш тарабында кытай стилиндеги сквер пайда болот

Ордо калаанын батыш тарабында кытай стилиндеги сквер пайда болот. Эс алуу аймагы Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки тилкесинде жайгашат.   Шаар бийлиги бул жерде тротуарларды, вело жолчолорду куруп, ирригациялык тармакты жана көчө жарыгын орнотууну пландап жатат.