Кыргызcтанда «Акылман» президенттик лицейи түзүлдү

Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейи жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.
Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, «Акылман» президенттик лицейи» түзүлдү.