Таласта жаңы аэробекет курулуп баштады

Таласта жаңы аэробекет курулуп баштады. Аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн курулушка капсула салынды. Жаңы аба майданы саатына 100 жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 

Курулуш иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат деп пландалууда. Эске салсак, Таластагы аэробекет 35 жылдан бери иштебей турат.