Бишкекте электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар иштеп баштады. Мэриядан билдиришкендей, аларды жеке компания Жукеев-Пудовкин жана Киев көчөлөрүндө орнотту. Бөлүштүрүүчү энерго компанияларга бул объектилерди балансына алып, эсептегичтерди орнотуу керектелет.
Муниципалитеттен кошумчалашкандай, жалпысынан Бишкекте мындай 60тай станция пайда болушу күтүлөт.