Өлкөдө мыкты мугалим жана мыкты тарбиячы эми жыл сайын аныкталып турат

Өлкөдө мыкты мугалим жана мыкты тарбиячы эми жыл сайын аныкталып турат.

 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, сынакка мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катыша алат.

 

Жыйынтыгы жыл сайын, 5-октябрь Мугалимдер күнүнө карата чыгарылышы керек. Документ педагогикалык кесипти жайылтууга, кызматкерлердин аброюн жогорулатууга, кадрдык саясатты жакшыртууга багытталат.