Бишкектеги парктарда соода кылуу үчүн орундар ижарага берилет

Бишкек шаарынын мэриясы соода кылуу үчүн орундар ижарага бериле турган сейил бактардын тизмесин жарыялады.

 

Маалыматка караганда, Ашыралы Боталиев атындагы сейил багы, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багы, Жаштар сейил багы, Юлиус Фучик атындагы сейил багы, Кайың багы, Жаңгак багы, Каражыгач токоюнда орундар ижарага берилет.

 

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинен жогорудагы сейил бактарда төмөнкүлөргө уруксат алууга болот:

  • балмуздак, суусундук, жүгөрү, пахта кант, попкорн, балдар оюнчуктарын сатууга;
  • велосипед, самокат, балдар паравозу, балдар үчүн машиналарды ижарага берүүгө;
  • кубат өлчөгүч, балдар батуту, балдар аянтчасы, балдар кыдыруучу аттракциондорду орнотууга.

Ижарага берүүгө арыздар саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чокморов көчөсү, 246, 24 кабинетте кабыл алынат. Толук маалымат үчүн 0312 45 41 07 телефонуна кайрылууга болот.