Стокгольм шаарында дүйнөдөгү биринчи өзү жүргөн кеме пайда болду. Ал аралдардын ортосунда каттап, 30 жүргүнчүнү батыра алат. Бир тарапка жол кире акысы – 3 еврону түзөт.
Система алдында тоскоолдукту байкап калса, бир секундда эле багытын өзгөртө алат. Азырынча кеменин жүрүшүнө капитан көз салат, бирок жакынкы арада ал толугу менен автономдуу болот.