Кыргызстанга которулган акчаны ошол валютада алууга кайрадан уруксат берилет

Кыргызстанга которулган акчаны ошол валютада алууга кайрадан уруксат берилет. Улуттук банк акча которуулар жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

 

Эске салсак, өткөн жылы акча которуулардын эл аралык системасы аркылуу каражат которуунун эрежеси өзгөртүлгөн. Ага ылайык, акча кайсы валютада жөнөтүлгөнүнө карабастан  сом менен же ошол мамлекеттин валютасында гана алууга мүмкүн болчу.

 

Мисалы, Казакстандан доллар которулса сом же теңге менен гана алууга болот. Улуттук банк валюта рыногундагы абал турукташканын жана банктарда накталай доллардын жетиштүү көлөмү бар экенин белгилеп, кайсы валюта жөнөтүлсө ошону берүүгө убактылуу уруксат берүүнү сунуштады.