Франциянын жылдыздуу футболчусу Килиан Мбаппе испаниялык “Реал” клубуна өтмөй болду

Франциянын жылдыздуу футболчусу Килиан Мбаппе испаниялык “Реал” клубуна өтмөй болду. Мадриддик клуб чабуулчунун трансфери боюнча ПСЖ менен бир чечимге келди.

 

Жалпысынан Мбаппе 250 миллион еврого сатылат. Сумманын 200 миллиону дароо берилсе, калган бөлүгү оюнчунун бонустарынын жана ал ээлей турган “Алтын топтун”  эсебинен төлөнөт. Белгилеп кетсек, Килиан Мбаппе көптөн бери эле “Реал Мадрид” клубуна өткүсү келип жатканын айтып жүргөн.