Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 21-июнда кечинде аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-жайын, 3 социалдык объектинин короолорун кум-шагыл аралаш сел каптады.

 

Бир электр мамысын сел агызып, электр энергиясын берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон – Терек ички чарбалык жолунун 7-чакырымында үч тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учурады. Жеринде атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.