Оштон Иркутск шаарына аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Бүгүнтөн тарта ата-мекендик авиакомпания жума күндөрү Ош – Иркутск – Ош батыгы боюнча рейстерди аткарат.
Муну менен аталган каттам аптасына 7 ирет аткарылып баштады.