Жашоо үчүн дүйнөнүн эң мыкты шаары аталды

Жашоо үчүн дүйнөнүн эң мыкты шаары аталды. Экинчи жыл катары менен ал – Вена. Австриянын борбор шаары Экономист групп компаниясы түзгөн рейтингдин сап башында жайгашты.

 

Эксперттер бир нече категориялар боюнча мыкты шаарды аныктаган. Башкы көрсөткүчтөр – айлана-чөйрөнүн абалы, өнүгүүнүн туруктуулугу, саламаттыкты сактоо жана билим берүүнүн деңгээли, инфраструктура.

 

Вена бардык көрсөткүчтөр боюнча эң көп упай чогулта алды. Экинчи орунда Копенгаген шаары, үчилтикти Мельбурн бекитет.