Кыргызстанга апрель айында 10 миң 156 жеңил унаа жеткирилди

Кыргызстанга апрель айында 10 миң 156 жеңил унаа жеткирилди.   Анын басымдуусу же 4 миң 400ү Кореядан ташылса, 1 миң 250 машине Россиядан жана  1 миңден ашыгы Кытайдан алып келинди. Ошондой эле биздин өлкөгө транспорт импорту АКШ, Япония жана Грузиядан ишке ашат.   Жалпысынан 4… Кененирээк…

«Титаникти» изилдөөгө түшкөн кеменин экпипажы набыт болушканы аныкталды

«Титаник» кемесин изилдөөгө Атлантика океанынын түпкүрүнө түшкөн «Титан» субмаринасынын (суу алдында сүзүүчү кеме) экипажы толугу менен набыт болду деп табылды. Бул тууралуу бейшембиде саякатты уюштурган компания жана батискафты издөөгө катышкан АКШнын Жээк коргоо кызматы маалымдады. «Биздин башкы директорубуз Стоктон Раш, Шахзада Давуд жэна анын уулу… Кененирээк…

Өлкө мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн өзгөчө күн

Өлкө мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн өзгөчө күн.   Алар ушул тапта 11 жыл окуп, алган билимин тастыктаган аттестаттарды колуна алды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл мектепти 60 миңден ашык окуучу аяктап жатат.   Анын 167си “Алтын тамга” тестин ийгиликтүү тапшырып, өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарга ээ… Кененирээк…

«Рулда» рейдинин жыйынтыгы

13-19-июнь аралыгында жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында «Рулда» аталышында рейд өткөрүлүп, 251 мас айдоочу аныкталды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ошондой эле 22 миң 240 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен:   — мас абалында… Кененирээк…

Сары-Челектин жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда

Сары-Челектин жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сары-Челектин жолунун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды. “Өзүнүн уникалдуу, кооз жаратылышы менен таанылып, миңдеген туристтер көрүүгө ашыккан… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Бул тууралуу эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков билдирди. Депутаттык комиссия чогулуп, маселе жабык режиминде каралды. Жыйын бүткөндөн кийин Исхак Масалиев тышта күтүп турган журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Мадумаровду бир берене боюнча, тагыраагы, кыргыз-тажик чек… Кененирээк…

Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн эң башкы туристтик багыт болуп калды

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн туристтик максатта барган мамлекеттердин тизмесинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. Беш айдын ичинде 1 миллион 600 миң өзбекстандык туристтик максатта чет өлкөлөргө кеткен. Басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 650,7 миңи Кыргызстанга келген. Андан кийинки орундарда Тажикстан (422… Кененирээк…

Амстердамда экскурсиянын өзгөчө түрү пайда болду

Амстердамда экскурсиянын өзгөчө түрү пайда болду. Туристтерге жергиликтүү тургун менен бир эле күнгө үйлөнүү сунушталат. Андан кийин алар кыска “бал айына” жөнөйт.   Муну менен, саякатчылар бир эле күндө шаардын кооз жерлерин дагы көрүп, жергиликтүү менталитет менен дагы жакындан тааныша алат. Мындай оюнга катышуунун баасы… Кененирээк…