Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлеринин насыялары жоюлат

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлеринин насыялары жоюлат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, жалпысынан 15 миллион сомдой насыя кечирилет.

 

Мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңеш 24-майда кабыл алган. Ал эми буга чейин Каржы министрлиги 200 миң сомдон насыя 76 адамга берилгенин билдирген.

 

Эске салсак, 2021-жылдын сентябрдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170 адам жараат алган. Бир катар  үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.