Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу түрдө иштей алат

Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу түрдө иштей алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

 

Ведомстводон билдиришкендей, Жарандарды чет мамлекетте ишке орноштуруу борбору менен кувейттик компания ортосунда макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, кыргызстандыктарга Кувейтте туризм, медицина жана мейманкана тармактарында вакансиялар сунушталат.

 

Башкы талаптардын бири катары – англис тилин билүү жана 45 жашка чейинки курак белгиленет.