Бишкекте алгачкы жол көрсөткүч такталары пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, белгилер Чүй проспектисинин Гоголь көчөсү менен кесилишинде жана Чүй – 7-апрель тилкесинде орнотулду.
Алар атайын жарык чагылдыруучу пленка менен капталып, аба-ырайынын бардык шарттарында даана көрүнүп турат. Көрсөткүчтөрдү орнотууга каражатты демөөрчүлөр бөлүп берди.