Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан 16 адамдын экөө — Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 23-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Сотто жүргөн «Азаттыктын» кабарчысынын маалымдашынча, калган 14 адам абакта калды. Кемпир-Абад иши боюнча сот 26-июнда уланмай болду. Бүгүнкү отурумда адвокаттар Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта отургандардын баарын үй камагына чыгарууну, өлкө ичинде эркин жүрүүсүнө да уруксат берүүнү өтүнүшкөн.

22-23-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу жабык өтүп жатат. Адвокаттар абакта кармалып отургандарды үй камагына чыгарууну, иштен «жашыруун» деген грифти алып салып, сотту ачык өткөрүүнү суранышууда.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта калды. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификация кылган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.