Кыргызстандыктарга Россия аймагынын Украина менен чектеш аймактарына баруудан баш тартуу сунушталат


Кыргызстандыктарга Россия аймагынын Украина менен чектеш аймактарына баруудан баш тартуу сунушталат.

 

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул аталган райондордо абал чыңалып жатканына байланыштуу.

Бул аймактарда жашаган кыргызстандыктар болсо коопсуздук боюнча бардык зарыл чараларды карманып, бир нерсе болсо, дароо Россиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылышы керек.

Россиядагы КРнын элчилигинин түз байланыш номерлери: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.