Уюлдук комплекс Аксы районунун тургундары үчүн акысыз медициналык кароо жүргүзөт

Уюлдук комплекс Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары үчүн акысыз медициналык кароо жүргүзөт.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, комплекс заманбап жабдуулар менен камсыздалып, ар кандай ооруларды диагностика кылууга жана медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарт түзөт. Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 5 жылга эсептелген.

 

Бул убакыт аралыгында донор комплексти дары-дармек, аппаратура жана күйүүчү май менен ал эми дарыгерлерди айлык менен камсыздайт.