Ысык-Көлдө сууга секиргендердин арасында жабыркагандар көп болууда

Ысык-Көлдө сууга секиргендердин арасында жабыркагандар көп болууда.

 

Улуттук госпиталдын нейрохирургу Султан Каримовдун айтымында, соңку күндөрү ийгиликсиз секирүүдөн кийин жүлүнүн оорутуп, дарыгерлерге кайрылгандар арбын.

 

Андан тышкары, 3 адам өмүрү менен кош айтышты. Андыктан, дарыгерлер эс алуучуларды тиешелүү даярдыгы жок болсо, сууга башы менен секирүүдөн баш тартууга чакырат. Даярдык болгон күндө дагы, суу түбүндө таш, темир жана башка кооптуу нерселердин жоктугун текшерип алуу керек.