Кыргызстандын 117 мектебинде балдарды биринчи класска кабыл алуу жыйынтыкталды

Кыргызстандын 117 мектебинде балдарды биринчи класска кабыл алуу жыйынтыкталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан республика аймагында 2 миң 84 мектеп бар болсо, анын 117синде биринчи класстар толукталды.   Алардын 33ү Бишкекте болсо, Ош облусунда 18, Баткенде 14 мектеп.   Ведомстводон эске салышкандай, учурда мектепке… Кененирээк…

Бишкекте жол курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат

Бишкекте жол курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат. Анын 1,5 миллиард сомун жергиликтүү бюджет бөлүп берсе, 3 миллиардын Кытай тартуулайт. Мындай маалымат ордо калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында жазылат.   Белгилеп кетсек, курулуш 3 этап менен жүргүзүлөт. Иштер толугу менен 2026-жылы аяктайт деп пландалууда.

Мирзиёев үчүнчү жолу Өзбекстандын президенти болуп шайланды

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн добуш берүүдө кайра шайланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда билдиргендей, алдын ала жыйынтыктарга караганда Мирзиёев добуштардын 87,1% менен алдыга чыкты. Добуш берүүгө шайлоого укуктуу жарандардын 70% (13,46 миллион киши) катышканы белгилүү болду.   Президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө… Кененирээк…

Кыргызстанда абанын табы 41 градуска жетет

Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулайт.   Синоптиктердин маалыматына караганда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунда 34…39°ка чейин ысык болушу күтүлөт.   Мындай учурда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө… Кененирээк…

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата расмий иш-чаралар быйыл Ошто белгиленет

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата расмий иш-чаралар быйыл Ошто белгиленет. Novosti.kgге президенттин облустагы өкүлчүгүгүнөн билдиришкендей, саамалыкка Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.   Учурда майрамга даярдык иштери жүрүп жатат. Алсак, ипподром ондолуп, борбордук стадион калыбына келтирилүүдө, ошондой эле улуттук драма театрдын айланасы көрктөндүрүлүүдө.

Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасы ачылды

Бишкектин Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасынын ачылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы аянтчада футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат, чуркоо үчүн аянтчалар жана унаа токтотуучу жай каралган.   Анын жалпы аянты 0,8373 гектарды түзөт.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Баткенде жолукту

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткенде өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.   Маалыматка ылайык, келерки жолугушуу Тажикстанда өтөт.   Белгилеп кетсек, эки мамлекет ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Буга чейин… Кененирээк…

«Ысык-Көл 2023» эл аралык экономикалык форуму өтөт

Чолпон-Атада «Ысык-Көл 2023» эл аралык экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.   27-июлдагы иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышат. Анда энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттык сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура… Кененирээк…

Кыргызстан менен Монголия алаканы чыңдоо боюнча декларация кабыл алды

Кыргызстан менен Монголия алаканы чыңдоо боюнча декларация кабыл алды. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөдөгү мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.   Ага ылайык тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашты. Жапаровдун… Кененирээк…

Кесиптик орто окуу жайларына тапшыруу башталды

Кесиптик орто окуу жайларына тапшыруу башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру жүрүүдө.   Жараян “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Документтерди тапшыруу боюнча толук маалыматтар Билим берүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү.