Күн ысыкта жолдо жүргөн оор жүк ташуучу унааларга айып салынууда

Күн ысыкта жолдо жүргөн оор жүк ташуучу унааларга айып салынууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери тарабынан 1-июлдан 10-июлга чейин эрежени сактабаган, ашыкча жүк жүктөп алган айдоочуларга карата 15 протокол түзүлдү.

 

Жалпысынан 230 миң сомго айып салынып, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу 21 миң сомду түздү. Эске салсак, эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин, аба табы 28 градустан жогору болгондо 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүүгө убактылуу тыюу салынган.