Ордо калаада 3 көчө унаа кыймылына ачылат

Ордо калаада 3 көчө унаа кыймылына ачылат. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп Менделеев жана Кажы-Сай тар көчөлөрү жана Эне-Сай көчөсү тууралуу болуп жатат.

 

Бул тилкелерде жол катмары жаңыртылды. Алдыңкы күндөрү жол чийиндери түшүрүлүп, белгилер орнотулат. Андан тышкары, Алай жана Балыкчы тар көчөлөрүн калыбына келтирүү пландалууда.