Жол испекторлору кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын испекторлору кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ведомстводон белгилешкендей, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кошумча посттор уюштурулду.

 

Бул Бишкектен Ысык-Көлгө бет алган эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн  жасалууда. Андан тышкары, унаалардын саны көп болгондуктан, көзөмөлдү күчөтүп, ылдамдыкты ашырган жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата чара көрүү тапшырмасы берилди.