Окумуштуулар эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы жолун аташты

Сидней университетинин окумуштуулары эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы жолун аташты. Алар изилдөөдөн кийин адам жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн мезгил-мезгили менен жумуштан алагды болушу керек деген жыйынтыкка келишкен.   Бирок бул учурда социалдык тармактарда убакыт өткөрүү эс алуу деп эсептелбейт. Мээни эс алдыруу үчүн компьютерден же гаджеттен… Кененирээк…

Кыргызстанда «акылдуу эсептегичтер» көбөйтүлөт

Кыргызстанда «акылдуу эсептегичтер» көбөйтүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев кышка даярдык боюнча өткөргөн жыйында айтылды. Күн тартибинде ошондой эле электрондук квитанция системасын киргизүү жана жоготууларды азайтуу маселеси талкууланды.   Акыркы статистикага ылайык, Кыргызстанда бир жарым миллиондой абонент катталган. Алардын 300 миңдейинде «акылдуу эсептегич» бар.

Ушул жумадан тарта Бишкек менен Бакуну байланыштырган самолет каттап баштайт

Ушул жумадан тарта Бишкек жана Баку шаарларын байланыштырган түз аба каттамын ачуу пландалып жатат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, рейстерди Азербайжандык авиакомпания 15-июлдан тарта аткарып баштайт. Учактар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү каттайт.   Белгилеп кетсек, Азербайжан менен Кыргызстан ортосунда аба каттамы биринчи… Кененирээк…

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыккка президент Садыр Жапаров кол койду. Артыкбаев 2021-жылдын март айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан. Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу 2019-жылы президентинин катышуусу менен элчилик болуп ачылган жана бул өлкө алгачкы элчисин Бишкекке 2021-жылы… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннель 10 саатка чейин жабылат

Ушул жумадан тарта Төө-Ашуудагы туннель 10 саатка чейин жабылат. Унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, мунун себеби оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Тагыраагы, асфальт төшөөнү тездетүү аракетинен улам Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы туннелде машиналардын жүрүшүнө чектөө 10 саатка чейин созулат.   Чектөөлөрдүн убактысы боюнча кошумча маалымат берилет.  … Кененирээк…

“Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу бүгүн жыйынтыкталат

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу бүгүн жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Документтерди кабыл алуу боюнча талаптар жана эрежелер ведомствонун сайтында жеткиликтүү.   Эске салсак, “Эл үмүтү” стипендиясы өткөн жылы негизделген. Ал жаштарга дүйнөнүн эң мыкты делген университеттеринде магистр жана докторантура… Кененирээк…