Кыргызстанда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугу алынды

Кыргызстанда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугу алынды. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке президент кол койду. Аны Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.

 

Жаңы мыйзамга ылайык, тергөөнү эми Ички иштер министрлиги менен УКМК жүргүзөт. Аскер кызматкерлерине тиешелүү тергөөнү болсо Аскер прокуратурасы ишке ашырат.

 

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирди.