Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

кооп

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, эртенден тарта 30-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 

Мекеме суу каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн, чарбактардын жанындагы арыктарды таза кармоону эскертти.