Дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада дизель сатылууда

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3 миллион литр дизель жеңилдетилген баада сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, отунду үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен май куюучу станциялардын тармагы келишим түзгөн. Анын негизинде дизель майы дыйкандарга 65 сомдон сатылууда. Бул базар баасынан төмөн деп, — айтылат маалыматта.