Бишкектеги мектептерде кыргыз тилинде сабак берген класстар көбөйөт

Бишкектеги мектептерде кыргыз тилинде сабак берген класстар көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, ордо калаадагы 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

 

Белгиленгендей, кыргыз класстар окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепте ачылат.