Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыктын көзүнө акысыз операция жасайт

Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыктын көзүнө акысыз операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Маалыматка ылайык, катаракта илдетине операция сентябрь айында Бишкек менен Ош шаарларында жасалат.

 

Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.