Бишкектин бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоодо жарандар өздөрүн тизмеден 30-августка чейин текшере алат.
БШКдан такташкандай, болжолдуу тизме “Тизме” порталында жайгаштырылган. Кандайдыр бир так эместиктер болсо, шайлоочулар арыз менен комиссияга кайрылууга укуктуу.
Добуш берүүнүн өзү 10-сентябрга белгиленген.