Майлуу-Суу лампа заводу айнек идиштерди жана бөтөлкөлөрдү чыгара баштайт.
Буга чейин ата мекендик өндүрүшчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Каржы министрлиги комбинатка 1 млрд сом бөлгөн. Бул каражатка ишкана айнек идиштерин чыгаруучу жабдууларды сатып алат, ошондой эле айнек эритүүчү мешти оңдойт.
Эске салсак, Майлуу-Суу лампа заводу 1967-жылы ишке кирип, узак убакыт бою Борбор Азиядагы эң ири ишканалардын бири болгон. 2009-жылдан кийин завод токтоп, кийин банкрот деп табылып, мамлекеттин карамагына өткөн.