Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Учурда жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат.
Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Быйыл анын 36 чакырымын оңдоо каралган.