1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 413 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 413 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

 

Ал пенсияны 38 пайызга жогорулатуу сунушталып жатканын эске салды.

 

Белгиленгендей, жогорулатуунун суммасы 500 сомдон кем болбошу керек. Бирок ар бир пенсионерде пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү жекече көтөрүлөт жана бул пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот.