Кыргызстанда унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

1-сентябрдан тарта Кыргызстанда унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу президенттик аппараттын санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди. Анын айтымында, сатып алуу-сатуу иштерин аймактык унааларды каттоо бөлүмдөрүнө кайрылбастан, банк аркылуу жүргүзсө болот.

 

Долбоор бир жылга эсептелген. Эгер ал ийгиликтүү болуп калса, бийлик унааны онлайн каттоого уруксат берген атайын укуктук актыларды кабыл алат, — деп жазды 24 агенттиги.