Санариптик өнүктүрүү министрлиги дата-борбор курат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборун курууну көздөп жатат.

 

Мекеме объектинин долбооруна сынак жарыялады. Бул максаттарга 84 миллион сомдон ашык каражат жумшоо пландалууда.

 

Техникалык тапшырмада дата-борбор маалыматты коопсуз сактоо, иштетүү жана берүү үчүн түзүлүп жатканы айтылат.