Эми бардык жарандар Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат

Эми бардык жарандар Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат. Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизди.

 

Жаңы жарлык көлдөгү кум жээктерге бардык жарандардын ээн-эркин киришин камсыздоо үчүн чыгарылган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.