Соңку 10 жылда Ысык-Көлдө суу дээрлик бир метрге тартылды

Соңку 10 жылда Ысык-Көлдө суу дээрлик бир метрге тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин бөлүм башчысы Таалай Далбаев билдирди.

 

Негизги себеп катары климаттын өзгөргөнүнө байланыштуу дарыялардын агымынын азайышы белгиленди. Мындан тышкары жайкысын талаалар сугарылат.

 

Чиновник сугат үчүн тамчылатып сугаруу системасын өтүү зарылдыгын айтты. Ал кошумчалагандай, суу ресурстарын сактап калуу боюнча азыртан чаралар көрүлбөсө, Ысык-Көл Арал деңизинин тагдырын кайталашы мүмкүн.