Бүгүнкү күндө «Мекен-карт» 92 адамга берилди

Бүгүнкү күндө «Мекен-карт» 92 адамга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Эске салсак, “Мекен-карт” мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары, неберелерине берилет. Аны алган кыргызстандыктарга тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт.

 

Документти Кыргызстанда 11 миң сом, ал эми чет өлкөдө туруп 40 долларга сатып алса болот. “Мекен-карт” 10 жылга жарактуу.