Быйыл жыл аягына чейин 100, жаңы окуу жылына карата 36 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы республика боюнча 204 мектептин курулушу башталган.
Жалпысынан 491 объектинин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен 8 млрд сомдон ашуун каражат каралган.