Узак жашоо үчүн канча кадам басуу керек?

Узак жашоо үчүн канча кадам басуу керек? Польшадагы медициналык университеттин биринин изилдөөсү көрсөткөндөй, эрте өлүм коркунучун азайтуу үчүн күнүнө 4 миң кадам жетиштүү.

 

Окумуштуулардын айтымында, бир аз сейилдөө да ден соолукту чыңдайт.

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жалкоо жашоо образы өмүрдүн кыскарышына негизги себепкер. Физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги 2-типтеги кант диабети, жүрөк оорулары жана деменциянын жогорку көрсөткүчүнө алып келиши ыктымал.