64 жаштагы Таштан Иманов Ысык-Көлдү велосипед менен 3 күндө айланып чыкты

Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Ысык-Көлдү велосипед менен үч күндө айланып чыкты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Таштан Иманов жолго 7-август күнү Көлдүн тескей тарабы менен чыккан.

 

Балыкчыга бүгүн кайтып келген Таштан Иманов күн сайын эртең мененки саат 6дан кечки 9га чейин жол жүрүп отурган.

 

Ал бул кадамын ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу аракети менен түшүндүрдү.