Нарында муниципалдык наабайкана ачылды

Нарында муниципалдык наабайкана ачылды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жерде күнүнө табигый ыкма менен ачытылган 300-400 бөлкө нан жасалууда.

 

Кайрымдуулук фонду тарабынан курулган цехте күнүнө 2 миң нан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Нан жергиликтүү дүкөндөргө 23 сомдон жеткирилип, 25 сомдон сатылууда. Мындан сырткары, бала бакча, мектеп, мекемелерди камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Наабайканадан чогулган киреше жергиликтүү бюджетке түшөт.