Кытайдан келе турган жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат

Кытайдан келе турган жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, газ кыймылдаткычтуу 50 автобус жолдо келе жатат.

 

Макулдашылган графиктин негизинде, жыл аягына чейин Бишкекке дагы 450 жүргүнчү ташыган автобус келет. Калган 500ү келерки жылдын биринчи кварталында жеткирилет.