Кыргызстанда желим баштыктарды сатуу жана өндүрүү үчүн айып пул салынат

Кыргызстанда желим баштыктарды сатуу жана өндүрүү үчүн айып пул салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

2027-жылы күчүнө кире турган административдик жазанын өлчөмү 1 миң сомдон 28 миң сомго чейин жетет.

 

Ал эми Ысык-Көл облусунда баштык жана желим буюмдарды саткандарга өзүнчө жаза каралган. Ал ушул айда күчүнө кирет. Айып пулдун өлчөмү да мыйзам бузуунун түрүнө жараша болот — 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин.