«Барселона» клубунун ардагер оюнчулары Кыргызстанга келет

Жалал-Абадда «Барселонанын» футбол академиясы ачылат. Кыргыз футбол бирлигинин маалыматына караганда, иш-чара 29-августта болот.

 

Аталган клубдун 29-академиясынын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстанга «Барселонанын» легендарлуу оюнчулары келет деп күтүлүүдө. Алардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, Людовик Жюли жана башкалар бар.

 

Ошондой эле алар 30-август күнү Борбор Азиянын белгилүү футболчулары менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жолдоштук беттеш өткөрүшү мүмкүн.